Жалал-Абад облусунун тургуну маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган адам Мазар-Суу айылынын тургуну болгон. Анын жанындагы баштыгын текшерүү учурунда 5 килограмм 800 грамм маңзат табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.