Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Бакай-Ата жаңы конушундагы “Кыргыз алтын курулуш” ишканасынын короосунда 4 чарчы метр темир будка күйгөн. Кырсыктын келип чыгуусуна отко этиятсыз мамиле кылуу себеп болгон.