Бүгүн,19-февралда Бишкектин Свердлов райондук сотунда телеалпаруучу Назира Айтбекованы тамашага салган "Супер-Инфо" гезитинин кабарчылары боюнча экинчи соттук отурум өтүүдө. Сотто аталган алпаруучуну тамашалоого катыштыгы бар 4 адам айыпталууда. Алар кабарчылар Бахияна Сатылганова жана Максат Орозумбетов, ошондой эле актёрлор Жанат Муратов жана Аскат аттуу жарандар.