Жылнаама, 6-май: Мындан 82 жыл мурун кытайлык эң узак жашоочу Ли Цинъюнь 256 жашында каза болгон

* Мындан 82 жыл мурун, 1933-жылы, Кытай булактарына таянсак, кытайлык эң узак жашоочу Ли Цинъюнь 256 жашында каза болгон. 
Ли Цинъюнь 1677-жылы Сычуань провинциясында туулгандыгы айтылып келет. Ал өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн тоолордо өткөрүп, дарылык касиети бар чөптөрдү чогултуп, узак жашоонун сырын изилдеген. 1748-жылы 71 жашында Кайсань шаарчасына көчүп келип, Кытайдын армиясына согуш өнөрлөрүн үйрөтүүчү болуп иштей баштаган. 1927-жылы Ли Цинъюнь Сычуандын губернаторунан чакыруу алып, анын мактоосуна татыктуу болгон. Ошол убакта анын сүрөтү тартылып калган. Экөөнүн жолугушуусунан 6 жыл өткөндөн кийин Ли Цинъюнь көз жумган. Өлөр алдында “Мен бул жашоодо колумдан келген нерсенин баарын аткардым. Эми үйүмө кетип жатам” дегени уламыш катары айтылып келет. Ал көз жумгандан кийин аймактын генералы Ян Сэнь Линин жашоосунун сырын жазып чыккан. 1933-жылы анын туугандарынан интервью алышканда, көпчүлүгү аны картаң бойдон эле көргөнүн айтышса, айрымдары анын чоң аталары менен достошуп келгенин айтышкан.
 
* Мындан 62 жыл мурун, 1953-жылы Улуу Британиянын 73-премьер-министри Тони Блэр Эдинбургда юристтин үй-бүлөсүндө туулган. Оксфорд университетинин Сент-Жонс колледжинен укук боюнча билим алган. Курсташтарынын эскерүүлөрүнө караганда, Блэр тентек студент болгон. Рок-н-роллдун фанатына да айланып кеткен учуру болгон, ал гана эмес, "Ugly Rumors" рок-тобунда да ырдаган. ЖОЖду аяктап, Оксфорддо укук боюнча сабактарды өтө баштаган. 1976-жылы Лейбористтик партияга мүчө болуп, ошондон кийин саясий карьерасы башталган. 1987-1988-жылдары "The Times" гезитине макала жазып турган. Актёр Тони Буттун кызы Чэриге 1980-жылы баш кошуп, үч уул, бир кыздын ата-энеси болушкан.
* Мындан 28 жыл мурун, 1987-жылы түштүк кореялык актриса Мун Гын Ён Түштүк Кореянын Кванжу шаарында туулган. Кесиби боюнча актриса, модель. Мун Гын Ён 3-классында "Белоснежка жана жети эргежээл" спектаклинде роль ойнойт. Мына ошондон тарта анын киного болгон кызыгуусу артып, 12 жашында "Жолдо" аттуу даректүү фильмге тартылат. Бул анын тасма талаасына болгон алгачкы кадамы болгон. 2000-жылы "Менин жүрөгүмдөгү күз" тасмасы менен чет өлкөдө ийгилик жаратып, Мун Гын Ён "Эң популярдуу жаш корей актрисасы" аталган. Ал "Мэри, түнү бою кайда жүрдүң?", "Күлчү кыздын эжеси", "Менин кичинекей келинчегим", "Чуулгандуу сүрөтчү" жана башка тасмаларда роль жараткан.
6-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
saltanat.
2015-05-05 19:01:32
256 жаш. Жеееесть
-1
warsaw.
2015-05-05 21:20:15
saltanat.,
0
warsaw.
2015-05-05 21:21:06
156 жаш эмесби техникалык катаадыр балким
0
Qnet
2015-05-05 21:44:23
warsaw., 1677-жылы туулган деп турбайбы
0
nurik2103
2015-05-05 22:51:13
71 жашында баштаган екенда е иштеп. Тырнактары кантет мунун
0
zhenishmyrza
2015-05-06 00:19:22
Тура рекорд китебине кирген экен.
+1
aijan280389
2015-05-06 00:33:57
Болушу мумкун эмес
0
ferideMS
2015-05-06 12:04:21
кызыктуу маалымат го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан