Өкмөт башчы Темир Сариев 5-майда Бишкектеги карылар жана балдар үйлөрүн көрүп чыкты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Сариев алгач карылар үйүнүн абалы менен таанышып, андагы улгайган адамдарды Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады. Жолугушууда ал улгайган адамдарды карылар үйүнө таштап кетип жаткан жарандарга карата жаңы эреже иштеп чыгуу тапшырмасын койду.
“Акыркы учурларда карыяларды карылар үйүнө таштап кетип жаткандар жана көчөгө чыгарып салуу тенденциясы өсүп жатканы байкалууда. Карып калганда бул жайга таштап коюп, пенсиясын алуу үчүн гана келип жаткан жарандарга эреже иштеп чыгуу керек. Мүмкүн, таштап кеткен адамынын пенсиясын ала албагыдай кылабыз. Анткени балдары пенсияларын алып алышат экен. Бул маселени чечүү тапшырмасын Социалдык өнүктүрүү министрлигине берем”,- деди Сариев.
Андан кийин өкмөт башчы 9-Май майрамы кыргыз мамлекети үчүн өтө чоң майрам экендигин айтып, согуш ардагерлери унутулбай турганын билдирди: “Согуштун жана ооруктун ардагерлери бул жеңиштин баасы канчалык экенин жакшы билишет. Биздин аталар согушкан, биз аларды унутпайбыз жана урматтайбыз. Тилекке каршы, жеңишти сызып коюуну каалагандар да бар, бирок биз согуш апаатын унутпайбыз. Азыркы учурда биздин арабызда согушта баатырларча салгылашкандар бар. Мамлекет ардагерлерди бардык жактан колдоо үчүн аракеттерди кылат. Биз ардагерлерге ыңгайлуу болуусу үчүн бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланабыз”.
Ошондой эле өкмөт башчы карылар үйүнүн имаратынын азыркы абалын карап чыгып, имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керек экендигин айтты. Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев бул үчүн 15 миң доллар керектигин маалымдады.
Андан кийин премьер балдар үйүнүн абалы менен таанышып, бул жайдын маселелерин чечүү үчүн Бишкек шаардык мэриясына кошумча каражат издөө талабын койду. Сариев өз балдарын балдар үйүнө таштап кетпөө үчүн энелердин жоопкерчилигин күчөтүү керектигин айтты.