Бүгүн саат 10:00дө Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы өкмөттүн мүчөлөрү ант беришет. Бул тууралуу жыйында парламент төрагасы
Асылбек Жээнбеков билдирди. Ант берүү аземине президент
Алмазбек Атамбаев да катышмакчы.
Айта кетсек,
30-апрелде Жогорку Кеңеш премьер-министрликке Темир Сариевдин талапкерлигин жана өкмөттүн жаңы курамын жактырган. 2-майда президент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчыны жана өкмөт курамын бекиткен.