Бишкекте чоң суммадагы салыкты төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, салыктык текшерүүнүн жүрүшүндө “Леско” ишканасынын 206 миллион сом салыкты төлөбөгөнү аныкталган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.