Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү үчүн жер тилкелерин убактылуу пайдалануунун жаңы мөөнөттөрү сунушталууда

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралып, ал боюнча депутат Мамытбай Салымбеков баяндама жасады.

Мыйзам долбоору мамлекеттик кызыкчылыктарды, жарандардын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан жана үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларын, илимий изилдөөчүлүк, тажрыйба-селекциялык, сорт сыноо жана айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүгө багытталган.

Өкмөттүн 2013-жылдагы токтомунда Кыргыз Республикасында 107 үрөнчүлүк чарба, анын ичинен 48 жеке дыйкан чарба, 44 айыл чарба кооперативи, 5 акционердик коом жана 10 мамлекеттик чарба бар экени такталган. Бул үрөнчүлүк чарбалары Мамлекеттик фонддун жерлеринен 12 500 гектар жерди пайдаланып келишет. Кыргыз Республикасында 135 асыл тукум чарбасы, алардын ичинен 11 мамлекеттик асыл тукум чарбасы катталган. Бул асыл тукум чарбалары Мамлекеттик фонддун жерлеринен 88,3 гектар жерди пайдаланууда.

Айдоо жерлеринин биологиялык продуктуулугу бир кыйла төмөндөгөн. Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларынын жерлери сапаттуу үрөн алуу максатында кыртыштын семиздигин эске алуу менен пайдаланылат. Жердин семиздигин сактоо мамлекет үчүн өзгөчө мааниге жана баалуулукка ээ болгонун эске алып, долбоордо үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларын, илимий изилдөөчүлүк, тажрыйба-селекциялык, сорт сыноо жана айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүш үчүн жер тилкелерин убактылуу пайдалануунун жаңы мөөнөттөрүн белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7-беренесине толуктоо киргизүү сунуш кылынат.

Анда айыл чарба багытындагы жерлер Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунан үрөн өстүрүү, асыл тукум, эксперименттик чарбаларына, илимий изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жана айыл чарба кооперативдерине 20 жылга чейинки мөөнөттө пайдаланууга жерлердин берилишин кошпогондо 5 жылдан ашык мөөнөткө ижарага берилери белгиленген.

Бир катар талкуудан кийин мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан