Унаа сатуучулар оң рулдуу автоунааларды каттоодон өткөрүү мөөнөтүн жыл аягына чейин узартууну суранып президентке, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө кайрылышты

Кыргыз мамлекетинде оң рулдуу автоунаа сатуу менен алектенгендер президентке, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө кайрылуу жасашты. Алар автоунааларын мыйзамда белгиленген мөөнөттө (2015-жылдын 3-июнуна чейин) жазып-каттоодон өткөрүүгө каршы жана жыл аягына чейин мөөнөт сурашууда. 
"Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн демилгечиси - ИИМдин Жол-кайгуул кызматы мындай чара оң рулдуу автоунаалардын катышуусундагы көптөгөн автокырсыктардын алдын алууга багытталганын айтууда. Катталбаган унааларды каттоодон өткөрүү менен кырсыктар кандайча азайып калары түшүнүксүз. Мамлекеттик каттоо кызматы көпкө чейин так маалымат жана акыркы чечимди айтпай, айып пулун төлөп каалаган убакта каттоодон өткөрүп алууга мүмкүн экенин билдирип келди. Расмий билдирүүнү апрелдин аягында гана жасады",- деп айтылат кайрылууда.
Оң рулдуу автоунаа сатуу менен алектенгендер бир айдын ичинде унааларын каттоодон өткөрүүгө каражаттары жок экенин билдиришүүдө.   
Маалыматка таянсак, учурда мамлекетте каттоодон өтө элек 20 миңдей оң рулдуу автоунаа бар. 


                                                                           


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан