2012-жылы пенсияны банктык карталар аркылуу төлөө үчүн 9 банк менен келишим түзүлгөн. Бул тууралуу 19-февралда маалымат жыйынында Социалдык фонддун пенсиянын төлөнүшүн талдоо жана отчёттуулук бөлүмүнүн башчысы Сабира Абдырахманова билдирди. Анын айтымында, банктар аркылуу пенсия алгандардын саны 2011-жылга салыштырмалуу 11,4 пайызга өскөн. 2011-жылы 530 миң пенсионердин ичинен 68 миң 500 пенсионер банктык систем аркылуу тейленсе, 2013-жылы 565 миң 500 пенсионердин 137 миң 500ү пенсиясын банктык карталар аркылуу алат.