Өлкөгө ири инвестицияларды тартууга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралууда

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында 2-окууда каралды.
Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору пайдадан алына турган салык боюнча жеңилдиктерди берүү аркылуу Кыргыз Республикасына ири инвестицияларды ыкчам тартууга багытталган. Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын аймагындагы өндүрүшкө ири инвестицияларды жумшачу ата мекендик уюмдар үчүн пайдадан алына турган салык боюнча салыктык колдоо көрсөтүүнү карайт. 

Демилгечилердин пикиринде, бул мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргыз Республикасына ири инвестиция каражаттары агылып кирип, өлкөнүн жогорку кирешелүү өнөр жай тармагы өнүгөт. Ошондой эле жумушчу орундардын көбөйүшү, эмгек акыны жана өндүрүлгөн продукцияны сатуудан түшкөн акчаны ачыкка чыгаруу болжолдонуп жатат.

Талкууда депутат Улукбек Кочкоров мыйзам долбоорунун концепциясына демилгечилердин бири болуп киргендигин, бирок 2-окуудагы мыйзамдын редакциясына көп түзөтүүлөр кирип, баштапкы максат өзгөрүп калгандыктан, демилгечилердин катарынан өзүн алып салганын айтты. Ал муну мыйзам долбоору менен 0 пайыз өлчөмүндө пайдадан алына турган салык бардык ишканаларга киргизилбегени менен түшүндүрдү. Депутат Игорь Гусаров мыйзам долбоорун колдоого алып, башка өлкөлөр дагы ушундай жол менен өнүккөнүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан