Эртең, 7-майда президент
Алмазбек Атамбаев Москва шаарына учуп кетет. Бул тууралуу п
резиденттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди.Анын айтымында, 7-майда өлкө башчы Волоколамск шаарында Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигинин ачылыш аземине катышат. "8-майда президент Жогорку евразиялык кеңешинин жыйынына катышат. Ошол эле күнү Жеңиш күнүнө арналган расмий эмес иш-чара өтөт. Ал эми 9-майда А.Атамбаев Москвадагы Кызыл аянтта Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган аскердик парадга катышат",- деди Исаков.
Мындан тышкары С.Исаков өлкө башчы менен Орусиянын президентинин ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалбаганын баса белгиледи.