Ысык-Көл. Каракол шаарында УКМКнын коомдук кабылдамасы ачылды

Бүгүн, 19-февралда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында УКМКнын коомдук кабылдамасы ачылды. Иш-чарага УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси Аскербек Абдракматов катышып, президенттин буйругунун негизинде ачылып жаткан бул коомдук кабылдама УКМКнын облустук башкармалыгынын жергиликтүү калк менен тыгыз иштешүүгө шарт түзө тургандыгын баса белгиледи.  "Мындан ары эл менен байланышуу күч алат, анткени коомдук кабылдамада күндүз да, кечинде да жарандарды кабыл алуу уюштурулат»,- дейт ал. Белгилей кетсек, иш-чарага өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн, шаардык мэриянын, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, УКМК ардагерлери жана ММК өкүлдөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан