"Дүйнөлүк алкактан алганда, коррупцияны жоюу маселеси эч бир өлкөдө жакшы жыйынтыгын берген эмес. Ошентсе да системди өзгөртүү менен кандайдыр бир жылыштарга жетишсе болот",- деп билдирди депутат Анарбек Калматов 6-майда "Парламент" радиосундагы түз эфирде.
Депутаттын 2014-жылы Каржы министрлигинде бир топ каржылык мыйзам бузуулардын бети ачылганын белгиледи. "Каржы министрлигинин алдында Экономиканы өнүктүрүү боюнча фонд иштейт. Ал мамлекеттин кепилдиги менен алынган кредиттерди керектөөчүлөргө бөлүштүрөт. Ошол эле мезгилде анын кайтарымын дагы көзөмөлдөйт. Бирок түшкөн кайтарым каражаттарынын 7 пайызын ал өз эсебине калтырып жатканы кандай? Бул маселе 2013-жылы табылган факт. Анын айынан 40 миллион сомго жакын каражат аталган фонд менен Каржы министрлигинин мыйзамда жазылбаган керектөөлөрүн жабууга кеткен. Кызматкерлердин турак жай маселесин чечкенге же мурда иштеп кеткендерди сыйлоого жумшалган. Ошол көмүскө булактардан келип жаткан каражаттар министрликтин кызматкерлеринин тамак-ашына деп айына 4-5 миң сомдон бөлүнөрү белгилүү болду",- дейт Калматов.