"Толук метр" патриоттук комедиясында 2020-жылы кыргыз жеринин эки мамлекетке бөлүнгөнү экрандаштырылган

Бүгүн, 6-майда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде патриоттук комедия жанрында тартылган “Толук метр” мульттасмасынын жабык көрсөтүүсү өтүп жатат. Иш-чарага чыгарманын автору Ниязбек Абазганов тасманын үстүндө иштеген адамдарды жана жакын досторун чакырган экен.

Мульттасманын сюжетине ылайык, окуя 2020-жылы орун алат. Ал мезгилде Кыргыз Республикасынын Түндүкия жана Түштүкия болуп эки мамлекетке бөлүнгөнү сүрөттөлөт. Башкы каарман - тележурналист бул эки мамлекетти бириктирүү максатында эки досу менен Түндүкиядан Түштүкияга жөнөп, мамлекеттин бөлүнүшүнүн алдын алуу аракетин жасаганы сүрөттөлөт. 

Айта кетсек, “Толук метр” мульттасмасы 30-апрелден тарта өлкөдөгү кинотеатрларда көрсөтүлө баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Erkekterdin-erkegi
2015-05-06 21:39:05
мм коруш керек экен
0
Мэри
2015-05-06 22:04:33
Ою бузук, тилеги жамандар, ойлоп тапкандарын кара, жоктон тапкансып! Ой, бир жарк эткен нерсе жокпу, же бул дагы бирөөлөрдүн буйрутмасыбы...
Адатта, биздин киночулар кыргызды жаман жагынан гана көрсөтүү менен эл аралык сынактарга катышышчу эле... Бул да ошондойбу, темасын окуп эле иренжип калдым...
+11
Sadyrov_n93
2015-05-06 22:22:05
Мындай болсо калын журтка корсотпоо керек,трайбализм кучоп турган мезгилде.Отко май куйгандай эле болот.Не кереги бар ушундай талкуу жараткан нерселерди жаратып,же созсуз эле атак-данктуу болуш керекпи.
+3
stal.ks
2015-05-06 22:24:33
Элге корсотбой эле койсун андай ою бузук тасманы.
+5
kg-zzzzz
2015-05-06 22:37:55
ушинтип элдин ойун бузбай тарпай эле койбоптурда и биздин депутаттар бул нерсени неге карашпайт телевидениеден интернетке чыгартпаш керек туп тамыры менен жок кылгыла бул мультикти
+5
Abdyrawit
2015-05-06 22:44:16
Снарийин кайсыл көзү ачык жазган...алдын ала билсе сураш керек экен..Кимди шайласак эл үчүн иштеп берет деп... Кудай сактасын андай Түндүкия Түштүкия болгондон...Учурда сен чүйлүк.. Сен оштук болуп жаштардын арасында бөлүнүү болуп жатканда.. Ынтымака чарууну үндөсөңөр боло
+5
gulmi
2015-05-07 01:39:40
Abdyrawit, мен Нарындан болом,аяш апамдар Баткенден,Оштон болушат.Уйбуломдо да,кочодон дагы оштук деп болгонун байкабайм.Кошуналарыбыз оштук (чуйдо турабыз)аябай жакшы мамиледебиз.
0
Asan-aka
2015-05-06 23:04:40
Озу бузуктун о бузук дейт адамдын аурасын бузат ушундай шалаакы кино мулть султь тасмадалар кыйраткансып жарнама кылганына куйосун бир ууч кыргыз оздору аран жургондо отко май чачкандай болуптур да
+3
Medina87
2015-05-06 23:07:50
2020-жыл келе берсинчи..
0
nurik2103
2015-05-06 23:09:06
Бул тасманы тарткандар кыйраттым деп жатышса адашышат, не кереги бар провакация жаратып, атамбаевти сүттөн актап тартса керек, Акаев менен Бакиевтен болбой еле койбоптур Атамбаевти. ошолордун катарына кошулуп калганда башынан тартып чыгабы тасманы? Уже түшүнүктүүү бул жерде Атамбаев Патриот адам болуп Мырзакматов же ошого окшогондор түштүкту болуп алган болот, значит азыркы бийликтин заказы менен тартылган. Элди психология жактан алдаш
0
umar92
2015-05-07 00:08:36
Кыйратыпсынар тундукия туштукия деп атыда укмуш елге корсотпой еле койсо жакшы болмок атын угуп еле тунулдум режиссеруна айтаарым коркпой еле прокаттан алып сала бер ар бир кыргыз бир сомдон берсек да байып кетесин
+2
AbdiMitalMagamedAliBektur
2015-05-07 00:09:47
ХХХ ойу жамандар корсо дагы автоном республик болобуз деп чыгышат биздин бийликтегилер куйругун ХХХ ХХХ ХХХ...
+3
admin_portal
2015-05-07 10:18:40
AbdiMitalMagamedAliBektur - 1 күнгө БАН!
Коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
-1
umar92
2015-05-07 00:13:32
Бийлик ушундай тасмаларды екранга чыгышына жол бергени кандай тушунуксуз
+3
Amantur.
2015-05-07 00:29:37
Түндүкия,Түштүкия??? Ваха ха хаааа.
Ээ баргылачы нары! Мультигиңерди көрбөй туруп түпкү акцентиңерди биле албадым го,бирок,идея,фантазияңарга коооооот в сапогах!
+6
Likvidator
2015-05-07 10:00:10
Акмакчылык! Манкуртчулук! Иттик! Ушундай тасмаларга богот коюп кылмыш жообуна тартуу керек!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан