Мыктыбек Арстанбек: “Учурда КТРКнын жамаатында абал оор”

“Учурда КТРКнын эмгек жамаатында абал өтө оор. Кайнене менен келин болгон оюндарды токтотуу керек”. Мындай сынды бүгүн, 19-февралда ЖКнын билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында  КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, белгилүү журналист Мыктыбек Арстанбек айтты. Айтымында, бул көйгөй иш ыргагында чечилүүчү жөнөкөй маселе. “КТРКнын ишин жакшы же жаман деп айтуу үчүн критерий азырынча жетишсиз” деп кошумчалады Мыктыбек мырза. Ал эми белгилүү кинорежиссёр, аталган Байкоочу кеңештин дагы бир мүчөсү Эрнест Абжыжапаров “КТРК илгерки СССР кезиндеги башкаруу системи менен иштеп келе жатат. Бул жерде кеп Оторбаевде эмес, Совет кезиндеги түшүнүктү жок кылып, жаңы көз караш менен иш алып баруу жана чечкиндүү реформа жасоо керек” деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан