Казакстанда 17 кыргыз жаранынын өмүрүн алган жол кырсыгы: Тек-жайы белгисиз болуп жаткан жаран Баткен облусунун тургуну болуп чыкты

Казакстанда жол кырсыгында каза болуп, тек-жайы белгисиз болуп жаткан жаран Баткен облусундагы Кадамжай районунун 1965-жылы туулган Мамасали Холмурзаев аттуу тургуну болуп чыкты. Бул тууралуу 6-майда SUPER.KG порталына ӨКМнын басма сөз кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, Холмурзаевдин сөөгүн бүгүн туугандары Казакстандан өз үйүнө алып келе жатышат. "Каза болгондордун биринин өздүгү такталбай жаткан. Ал эми Холмурзаевдин туугандары ал кырсык болгон күнү Орусияга барып иштөө үчүн кыргыз жеринен чыгып кеткенин айтып, "ошондон бери дайынсыз, бул жаран Холмурзаев болушу мүмкүн" деп, аны таануу аракетин кылып жүрүшкөн. Мүмкүн, кийимдеринен таанышкандыр. Учурда сөөктү алып Казакстандын Кордай районунда келе жатышыптыр",- деди Бекилов.
Айта кетсек, 19-апрель күнү саат 09:47 чамасында Жамбыл облусунун Моюнкум районунда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен кыргыз өлкөсүнүн 15 жараны каза таап, төртөө жабыркаган. Анда Мерседес-Бенц Спринтер унаасы менен Газель-2705 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Биринчи унаанын ичинде кыргыз мамлекетинин 19 жараны болгон. Ал эми биринде казак жараны болгон. Кырсыктан жаракат алгандар Казакстандын ооруканаларына жаткырылышкан. Андан кийин ооруканадагылардын үчөөсү каза болуп, каза болгондордун саны 18ге жеткен (Газель-2705 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу - казак жаранын кошкондо). Учурда жаракат алгандардын экөөсү Бишкектеги ооруканаларда дарыланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Qnet
2015-05-07 00:52:22
Кааап ажал экен да...
0
bema_bema
2015-05-07 03:13:51
Иий жаткан жери жайлуу болсун,менин кошинам дагы бар экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан