Бүгүн, 6-майда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде патриоттук комедия жанрында тартылган “Толук метр” мульттасмасын жабык көрсөтүү өттү. Иш-чарага чыгарманын автору Ниязбек Абазганов баштаган команда, кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрү жана журналисттер келишти.
Мульттасманын сюжетине ылайык, 2020-жылдагы окуя чагылдырылып, анда Кыргыз Республикасы Түндүкия жана Түштүкия болуп эки мамлекетке бөлүнгөн болот. Башкы каарман - белгилүү тележурналист бул эки мамлекетти бириктирүү максатында эки досу менен Түндүкиядан Түштүкияга жөнөп, ар кандай күлкүлүү окуяларга туш болушат. Тасмада эки мамлекеттин өз алдынча президенттери болот, ал эми эки аймактын тургундары бири-бирин душман катары көрүшөт. Бирок буга карабастан, каармандар алдоо жолу менен Түштүкиянын аймагына тоскоолдуксуз өтүп, жергиликтүү элдин көз караштары менен таанышышат.
Мындан тышкары мульттасмада кыргыз эстрадасынын жылдыздары Омар, Арсен, Нурлан Насип, Мирбек Атабеков, саясатчылар, коомдук ишмерлер, өлкөнүн мурдагы жана учурдагы президенттери тамашага алынышат.
Автордун айтымында, бул тасма бир жылда тартылган. "Башында анын узактыгы 1,5 саатка жакын болгон, бирок айрым бөлүктөрүн кескен соң, жыйынтыгында 1 саатка барабар болуп калды. "Толук метрдин" уландысын тартууну дагы ойлонуштуруп көрөм",- деди Абазганов. Тасма экиге бөлүнүүнүн алдын алууга багытталган.
Айта кетсек, “Толук метр” мульттасмасы 30-апрелден тарта өлкөдөгү кинотеатрларда көрсөтүлө баштаган.