Бүгүн, 7-майда премьер-министр Темир Сариев Ош облусуна бир күндүк иш сапары менен жөнөп кетти.
Өкмөттүн маалымат кызматы Сариев иш сапардын жүрүшүндө алгач "Достук" өткөрмө пунктунун иши жана Араван районундагы дыйкандардын жазгы талаа иштери менен таанышып чыгарын билдирди.
Андан кийин өкмөт башчы Кара-Суу районундагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан салтанатка катышат.
Ошондой эле өкмөт мүчөлөрү менен жазгы талаа иштери боюнча Ош шаарында жыйын өткөрөт.