5-май күнү болжол менен саат 23:30да Түп райондук милициясына чалуу түшүп, райондун 31 жаштагы тургуну үйүндө киши колдуу болуп өлгөнү маалымдалган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери жансыз денени карап чыгып, анын ур-токмокко кабылганын, бир канча ирет бычак сайылганын аныкташкан. Андан соң маркумдун сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көп өтпөй кылмышка шектүү катары маркумдун таанышы, мурун соттолгон, 31 жаштагы
А.Максат колго түшүрүлгөн. Ал күнөөсүн моюнуна алды. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Кылмышка шектүү учурда убактылуу кармоочу жайда.