“Мыйзам боюнча КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү 3 айда бир ирет жолугушубуз керек болсо, биз 1 айда үч-төрт ирет жолугуп, катуу иштеп жатабыз”. Бул сөздү 19-февралда ЖКнын билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Илим Карыпбеков билдирди. Анын айтымында, азырынча бул телеканалдын ишин баалоого эрте, бирок учурдагы ишин "канааттандырбайт" деп айтууга болот. “Мыйзам боюнча март айынын башында биз КТРКнын жетекчилигинин 2012-жылы аткарган иши боюнча отчётун угабыз, анан 30-апрелге чейин ЖКга келип, телеканалдын ишмердүүлүгүнө баа берип, отчётубузду депутаттарга тааныштырабыз”,- деди Карыпбеков.