Ош шаарындагы өзбек тектүү калк жашаган аймакта калпак кийген 12 чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 6-май күнү саат 21:00 чамасында милицияга шаар тургуну кайрылган. Анда ал калпак кийген белгисиз адамдар ар бир үйдүн эшигин каккылап, кооптуу абал жаратып жатканын айткан. Айтылган жерге дароо милиция кызматкерлери барышып, христиан-протестанттардын “Маданий жана каада-салт” коомдук фондунун 12 мүчөсүн кармашкан. Алардын бешөө АКШнын, үчөө Канаданын, экөө Украинанын жана Корея, Швециянын жарандары экени аныкталган.
Алардын айтымдарында, 29-апрель күнү Бишкек-Ош аба каттамы аркылуу келишип, Баткен шаарына өздөрүнүн миссионердик ишмердүүлүгүн жүргүзүү жана улуттук каада-салттар менен таанышуу максатында барышкан. Андан соң Ош шаарына келишип, Фергана көчөсүндөгү бир-эки үйгө кирип кетүүнү чечишкен.
Учурда алардын чыныгы максаттары иликтенүүдө.
Айта кетсек, 5-май күнү “Ош шаарындагы аэропорттун аймагында кыргыз-өзбек урушун чыгаруу үчүн 500 сомдон таратып жатат” деген маалымат тараткан эки аял кармалган. Алардын айткандары жалган экендиги аныкталган.