Токмокто шаар тургунун коркутуп, акча талап кылгандардын бири кармалды

Токмокто шаар тургунун коркутуп, акча талап кылгандардын бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 22 жаштагы Д.Р. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз 3 адам физикалык күч колдонуп, акча талап кылып жатышканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 27 жаштагы Л.М. кармалган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, калган эки адамды кармоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан