Депутаттар Бишкектин жолдорун куруу ишин түн ичинде гана жүргүзүүнү сунушташты

"Шаардагы жол куруу ишин түн ичинде гана жүргүзүү керек". Мындай пикирди депутат Исмаил Исаков Жогорку Кеңештин 7-майдагы отурумунда айтып чыкты. Анын айтымында, күндүз жол салуу жол тыгындарын пайда кылып, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратып жатат. "Көпчүлүк шаарларда жолду түн ичинде салышат. Эртең менен турса эле жол жомоктогудай салынып калган болот. Ал эми Бишкекте жол куруу иштери күндүз аткарылгандыктан, бир топ ыңгайсыздык жаратат. Ошондуктан бул маселени карап чыгууну өкмөткө сунуштайм",- деди Исаков. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан