Ислам Каримов президент Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады.

“Элдерибиздин тарыхындагы бул даңктуу майрамды белгилеп жатып, кан майданда өз өмүрүн курмандыкка чалып, кайталангыс эрдиги менен тынчтыкты жана эркиндикти сактап калгандардын элеси алдында тизе бүгүп терең таазим этебиз. Майтарылбас эркин жана кайраттуулукту көрсөтүп, ошол каардуу согуштун бардык азап-тозогун көтөргөн, ооруктагы кажыбас эмгеги менен ушул жаркын күндү жакындаткан муундун өкүлдөрүн ардактап, ар дайым сый-урмат көрсөтөбүз”,- деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Ислам Каримов президент Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук жана бардык жакшылыктарды, ал эми достук мамиледеги кыргыз мамлекетинин элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан