Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт болгон.
Түп районунун Байзак айылында Фольксваген унаасы күйүп кетти. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.