Бишкек-Чалдыбар унаа жолундагы жол кырсыгынан 2 кыз жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган унаа жолдун 63-чакырымында 54 жаштагы айдоочу унаасы менен жол жээгиндеги темир бетонду сүзүп алган. Анын кесепетинен эки жүргүнчү кыз жабыркап, ооруканага жеткирилген.