Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары 5-майда Токтогул районунда бир катар социалдык мекемелердин ачылышына катышты. Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков Кызыл-Ураан жана Ичке-Сай айылындагы орто мектептердин ачылышында "Алыскы айыл жергесинде заманбап курулуштардын башталганы кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнөн кабар берет. Тоо арасындагы алыскы айылдарда жаш муун жетиштүү шартта тарбияланса, эртең ал балдардан көп жакшы нерсени күтсө болот" деп билдирди.
Эл өкүлү мектептерди куруу ийгиликтүү жүрүп жатканы менен, алардын сапатында маселе бар экенин белгиледи.
Депутаттар Кызыл-Ураан айылында 75 балага ылайыкташып курулган бала бакчаны ишке берүү аземине, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата мемиориалдык тактанын ачылышына да катышканын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.