Ысык-Ата районунда өз апасын сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аймактык ооруканага катуу сабалган 49 жаштагы аял келип түшкөн. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары жабырлануучунун 1987-жылы туулган баласы кармалган. Ал мас абалында апасы менен уруша кетип, сабап салганын айткан.