Айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөргө салыктык жеңилдиктерди берүү демилгеленди

Жогорку Кеңеш 7-майдагы жыйынында айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөргө салыктык жеңилдиктерди берүүгө багытталган мыйзамдын долбоорун карап, анын концепциясын биринчи окууда добуш берүүгө жиберди.

Экономика министринин орун басары Айдай Курманова айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо боюнча кызмат көрсөткөн жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында салык жүрүмүн жөнөкөйлөштүрүп, аны патенттик усулга өткөрүү демилгеси сунушталып жатканын билдирди. “Жүгү менен автоунаанын бир жолку чыгуусуна милдеттүү патенттин ставкасы жүктүн ээси тарабынан төлөнөрүн эске алсак, ташуучуга жүк жүктөлгөн автоунаа үчүн милдеттүү патенттин өзүнчө ставкасы белгиленди”,- дейт Курманова. 

Патенттин баасы жүгүнүн салмагына жараша (4 тоннадан 12 тоннага чейин) 400 сомдон 1200 сомго чейин турат, 12 тоннадан ашкандар үчүн – 2000 сом. Башкача айтканда, эми декларант-ташуучу айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн милдеттүү патентти күндө эртең менен сатып алат. Патент мөөнөтү 1 күндөн 1 айга чейин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан