Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун 2 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери шаардагы турак үйлөрдүн биринен 1995-жылы туулган Т. уулу. К. жана 1994-жылы туулган К.К. аттуу эки жаранды кармашкан. Алардын жанынан ок атуучу курал, скотч жана медициналык бет кап табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.