“КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаевге "Ала-Тоо” маалымат программасындагы кемчиликтер үчүн сөгүш берилген” деди бүгүн, 19-февралдагы ЖКнын Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Фархад Бекмамбетов. Анын ырастоосунда, 2012-жылдын май айында, андан кийин да бир нече ирет Кубат Оторбаевге эскертүү берилген. “Жергиликтүү кеңештерге шайлоо болгон учурда “Республика” партиясынан гана кармалган “карусель” ыкмасын көрсөтүп, башка партияларга калыс мамиле жасабай, бир жактуу маалымат бергендиги жана "Өнүгүү стратегиясын" кеч даярдагандыгы үчүн 17-январда сөгүш бергенбиз”,- деди Бекмамбетов.