Ат-Башы районунда чакан насыя берүүчү ишканага белгисиз адамдар киришип, иш кагаздарды өрттөп салышты. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 6-май күнү саат 10:00 чамасында болгон. Анда белгисиз 30га жакын адам ишкананын кеңсесине мыйзамсыз киришип, насыя алгандарга тиешелүү документтерди өрттөп салышкан. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.