Нарын облусунда 62 жаштагы жаран бакка асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 5-май күнү Ат-Башы районунда болгон. Анда 62 жаштагы жаран бакка асынып алган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Маркумдун денесинде күч колдонуунун издери байкалган эмес.