Токмок шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчисине кылмыш иши козголду

Токмок шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчисине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-апрель күнү Чүй облустук прокуратурасына Токмок шаардык прокуратурасынын кызматкери кайрылган. Анда ал билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Г.К. текшерүүлөр боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 1500 доллар сунуштап жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, Г.К прокуратура кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulnaz.GS
2015-05-07 20:14:25
юристтерге суроо берсе болобу супер инфо.керек болуп жатат эле аябац
0
admin_portal
2015-05-08 10:25:11
Gulnaz.GS, саламатсызбы!
Сурооңузду kenesh@super.kg дарегине жөнөтсөңүз, адистен жооп алып бергенге аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан