2015-жылдын алгачкы 4 айында Жалал-Абад шаарынын аймагында 4 автоунаа өрт кырсыгына кабылганы аныкталган. Өрт кырсыгынын келип чыгуу себеби айдоочулар өз автоунаасына кайдыгер мамиле жасагандыгынан улам болгон.
Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнөн кабарлашты. Аталган кызмат айдоочуларды өрт өчүрүүчү шайманды дайыма алып жүрүүгө чакырат.