Бишкекте аялдардын жашоодогу ордун чагылдырган Совет мезгилинин белгилүү сүрөтчү-скульпторлорунун көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 7-майда Бишкектеги О.Мануйлованын үй-музейинде Совет мезгилинин белгилүү сүрөтчү-скульпторлору, Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүлөрү Ольга Мануйлова менен Лидия Ильинанын “Искусство жана эмансипация” аттуу көргөзмөсү өтүүдө. Экспозицияга сүрөтчүлөрдүн 1930-1950-жылдарга таандык сүрөттөрү, артефакттар жана ошол учурда гезитке жарыяланган макалалардын көчүрмөлөрү коюлган. 

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Диана Ухинанын айтымында, Совет дооруна таандык бул сүрөтчүлөрдүн эмгектери азыркы кезде деле коомдо талкуу жаратат.

Аял киши бул жашоодо жөн гана сексуалдык объект катары эмес, адегенде инсан катары каралышы керек. Мануйлова менен Ильинанын жараткан эмгектери дал ушул багытка арналган. Алар айымдардын эркектер менен тең тайлашып иштеп жүргөндөрүн чагылдырышкан. Ошондуктан көрүүчүлөргө сүрөттөрдү гана көрүп кетпестен, астында жазылган тексттерге да көңүл бурушса демекчимин”,- дейт Ухина.  

Көргөзмөгө кирүү акысыз жана ал 29-майга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан