Жылнаама, 8-май: Мындан 40 жыл мурун атактуу испан ырчысы Энрике Иглесиас туулган

* Мындан 54 жыл мурун, 1961-жылы белгилүү врач-нарколог, медицина илимдеринин доктору, профессор Жеңишбек Назаралиев Кемин районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Ал 1991-жылдары мамлекеттик эмес атайын наркология боюнча дарылоо борборун ачкан. 
Ж.Назаралиев илимий негизде дарылоонун эң жогорку технологиясын иштеп чыккан жана анын дарылоо ыкмасы Ден соолуктун улуттук институтунда (Вашингтон) жана Нью-Йорк университетинин окумуштуулары тарабынан жактырылган. Анын изилдөөлөрү 62 илимий эмгектеринде жактырылган. Жеңишбек Назаралиев 12 патент жана рационализатордук сунуштардын автору. Анын наркология боюнча актуалдуу изилдөөлөрү дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүндөгү конгресстерде, симпозиумдарда жана конференцияларда көрсөтүлгөн. Доктор Назаралиев Жер шарынын бардык континенттеринде болуп, наркомания жана наркобизнеске каршы күрөштөгү алардын оң тажрыйбалары менен таанышкан. Жеңишбек Назаралиев Табият таануу илимдери боюнча Орусия академиясынын мүчө-корреспонденти, Психикалык ден соолуктун бүткүл дүйнөлүк федерациясынын анык мүчөсү.
 
* Мындан 113 жыл мурун, 1902-жылы Франциядагы Мартиника аралында Мон-Пеле жанар тоосу атылып, андан пайда болгон күл жана газдан турган ысык катуу шамал Сен-Пьер шаарын түп орду менен жок кылган. Шаардын бүт калкы (30 миңдей) кырылган. Ошол вулканды изилдөө үчүн келген окумуштуулар тобу да көз жумган. Аймактан 2 адам гана тирүү калган: жер алдындагы абакта отурган Август Сибарус жана айыл четинде жашаган өтүкчү (денесиндеги күйүккө карабай ал дагы 34 жыл жашаган). Атылуу күчтүү болгондуктан, темирден жасалган эстеликтер алыска учуп кетсе, бир топ алыс аймактарда ысыктан улам сыралардын капкактары ачылып кеткен.  
* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы атактуу испан ырчысы Энрике Иглесиас Испаниянын борбору Мадрид шаарында туулган. Атасы – белгилүү ырчы Хулио Иглесиас, апасы – испаниялык журналист, белгилүү телеалпаруучу Изабель Прейслер. 1979-жылы, Энрикенин 4 жаш курагында атасы Хулио менен апасы Изабель ажырашып кетишип, ырчы атасы менен Американын Майами шаарына кетет. 1995-жылы анын алгачкы испан тилиндеги “Энрике Иглесиас” аттуу альбому жарыкка чыккан. Бул жыйнак эл жүрөгүнөн орун таап, чыккандан кийинки алгачкы бир жумада эле жарым миллион нуска менен сатылууга жетишкен. Альбомдогу “Сени сүйүү үчүн” деген ыры хитке айланып, Мексиканын “Марисоль” телесериалына саундтрек катары кабыл алынган. Ушул иши үчүн “Эң мыкты латын артисти” наа­мы менен “Грэмми” сыйлыгына ээ болгон. 
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Казакстанда 80 жашка чейин өлкөнү башкарып, кайрадан президенттикке талапкерлигин койгондорду өлүм жазасына тартуу сунушталган. Мындай сунушту Казакстандын мусулмандар биримдиги жана Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча мусулман комитети айтып чыккан. Алар мамлекетти 80 жаштан ашкан адамдар башкарбашы керек деп билдиришкен. Бул идеянын авторлору аталган жазаны ошол учурдагы президент Нурсултан Назарбаевге колдонбоону белгилешкен.
8-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Gulnaz.GS
2015-05-07 20:11:17
жанымго менин
0
Rashinboy
2015-05-07 20:40:02
Gulnaz.GS, Менби?
0
Ariet7
2015-05-07 21:11:08
Rashinboy, сен болмок белен? тиги Женишбек Назарлиев да )))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан