"Коалиция алмашкан сайын өкмөттүн курамына кирбеген мамлекеттик органдардын башчыларын алмаштыруу адатка айланды". Бул маалыматты депутат Абдыжапар Бекматов 19-февралдагы ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин жыйынында билдирди.
Бекматов министр, губернатор, акимдер иштен алынганда эле эмес, алар өзү билбей калган учурлар көп экенин белгилеп, өкмөт курамындагы өзгөртүүлөр ММКларга жарыяланышы керектигин айтты.
Ал ошондой эле өкмөт тараганда анын курамына кирбеген мамлекеттик мекемелердин башчылары өз орундарында кала бериши керектигин "жаӊы коалиция түзүлгөндө коалициялык курамга кирбей калыптыр" деген шылтоо менен башчылардан баштап адистерге чейин алмаштырылып жатканы туура эместигин кошумчалады.