Бүгүн, 7-майда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыргыз эстрада ырчысы, “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2014-жылдын супер дебюту” наамынын ээси Самара Каримованын “Сагынганда атамды” аттуу отчёттук концерти өтүп жатат.
Каримова сахна көшөгөсүн “Лейлек”, “Кимдерге экен?”, “Курбуларга” аттуу ырлары менен ачты. Кечеге ырчынын талантынын күйөрмандары, Жогорку Кеңештин депутат айымдары Надира Нарматова, Ыргал Кадыралиева жана бир нече сыйлуу коноктор келишти. Ал эми концертти "тамашоучулар" алып барышууда.
Айта кетсек, бул концерт 7-8-9-май күндөрү өтөт.