Бүгүн, 7-майда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыргыз эстрада ырчысы, “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2014-жылдын супер дебюту” наамынын ээси Самара Каримованын “Сагынганда атамды” аттуу отчёттук концерти өттү. Анда ырчы айым өз репертуарындагы ырларын жандуу ырдады. Чыгармалар жаңырып жатканда чоң экрандан ырдын мазмунуна ылайык тасмалар көрсөтүлүп турду.
Кыргыз жеринде хитке айланган "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" аттуу ырынын аткарылышы катуу жана узак кол чабууга татыктуу болду. Бул чыгарманы аткарардын алдында Самара айым апага арналган монолог айтты. Айрым көрүүчүлөр ырчынын чеберчилигинен таасирленишип, көздөрүнө жаш алышты.
Концерттин жүрүшүндө Айнура Салахидинова, Гүлнара Кахарова, Абидин Темиров, Алтынай Нарбаева жана башка ырчылар өз ырларын тартуулашып, кече ээсине ийгилик каалашты.
Кечеге ырчынын талантынын күйөрмандары, Жогорку Кеңештин депутат айымдары Надира Нарматова, Ыргал Кадыралиева жана бир нече сыйлуу коноктор келишти. Ал эми концертти алып барган "Тамашоунун" "No name" командасынын жигиттери өз тамашалары жана оюндары менен коноктордун күлкү кумарын кандырышты.
Айта кетсек, бул концерт 8-9-май күндөрү да өтөт.