18-19-февралда Москва шаарында КРнын биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев “Газпром” ишканасынын башкаруучу төрагасынын орун басары Валерий Голубев менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Кыргызстандагы газ маселелери жана “Газпром” компаниясынын “Кыргызгазды” сатып алуу планынын тегерегиндеги маселелер талкууланды.