Аламүдүн районунда интимдик кызмат көрсөткөн жашыруун жай табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан Аламүдүн районундагы сауналардын бири текшерүүгө алынган. Анда интимдик кызмат көрсөткөн жашыруун жай бар экени аныкталып, 35 жаштагы администратор кармалган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.