Төрага Асылбек Жээнбековдун тапшырмасына ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Барак анклавындагы кырдаалды иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык топ аталган анклавга жөнөп кетти. Жумушчу топтун курамына Заирбек Жоошбеков, Айнуру Алтыбаева, Майрамкүл Тиленчиева жана Абдимуталип Кочкорбаев кирди. Аталган топ жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү менен жеринен таанышмакчы. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы 19-февралда билдирди.