Режиссёр Рустам Аташов: "Аялдык бакыт" тасмасы "Аялдын бактысы эмнеде?" деген суроого жооп берет"

Бүгүн, 8-майда Бишкектеги “Манас” кинотеатрында режиссёр Рустам Аташовдун “Аялдык бакыт” аттуу үй-бүлөлүк мелодрамасынын бет ачары өтүп жатат. Тасмада башкы ролдорду ырчы Замир Мырза жана актриса Роза Азимбаева аткарышкан.

Бул эмгек режиссёр Аташовдун 12-толук метраждуу тасмасы. Режиссёр бул тасма аркылуу эмнени айткысы келгенин мындайча түшүндүрдү: “Бул мелодрама жамандыктан жакшылыкка жетелейт, андан тарбиялык сабак алса болот жана кино аркылуу “Аялдын бактысы эмнеде?” деген суроого жооп бердик”. 

Тасма Ош шаарында тартылып, ага жарым жыл убакыт коротулганы айтылды.

Айта кетсек, “Аялдык бакыт” мелодрамасын Бишкектеги жана Оштогу кинотеатрлардан көрсө болот.

"Аялдык бакыт" тасмасында турмуш чындыгы чагылдырылат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан