Бүгүн, 8-майда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында
"Аялдык бакыт" мелодрамасынын бет ачары өттү. Бул тасма бүгүнкү турмуштагы көрүнүштөрдү чагылдырат. Алар: бала жытын жыттай элек жубайлардын ортосундагы мамиле, операция үчүн акчага муктаж болгон жаш кыздын тагдыры. Демек, тасмада бир эле эмес, бир нече башкы каарман бар десек болот.
Тасмада балалуу боло албай жүргөн жубайлардын ролдорун ырчы Замир Мырза жана актриса Роза Азимбаева аткарышкан. Күйөөсүнүн ата-энеси неберелүү болууну каалап, уулунан аялы менен ажырашууну суранышат. Бир гана ата-энеси эмес, жакын достору да жубайларды ажыраштырууга аракет жасашат. Бирок күйөөсү "аялымды сүйөм" деп махабатты биринчи орунга коёт.
Буга катар эле 3 баласы бар, 4-баланын төрөлүшүн күтүп жаткан жубайлардын жашоосу берилет. Бул үй-бүлөдө күйөөсү 4-баланы багууга тапкан акча каражатты жеткире албаганын айтып, бул маселени радикалдуу жол - бойдон алдыруу менен чечүүнү сунуштайт. Аялы ага каршы чыкса да, жолдошу өз пикиринде турат.
Дагы бир башкы каарман - тууганынын операциясына акчага муктаж болгон бийкеч. Ал жумуштагы жетекчисинен акчалай жардам сураса, "шеф" мындан пайдаланууга аракет кылып, көңүлдөш болууну сунуштайт.
Тасмада бардык каармандардын сюжеттик сызыктары бириктирилет. Режиссёр Рустам Аташов бул эмгек аркылуу эмнени айткысы келгенин мындайча түшүндүрдү: “Бул мелодрама жамандыктан жакшылыкка жетелейт, андан тарбиялык сабак алса болот жана кино аркылуу “Аялдын бактысы эмнеде?” деген суроого жооп бердик”.
Айта кетсек, “Аялдык бакыт” мелодрамасын Бишкектеги жана Ош шаарындагы кинотеатрлардан көрсө болот.