Ошто 6 чет өлкөлүк жаран шаардык соттун депортация кылуу чечимине нааразы болуп, облустук сотко кайрылды

Ошто 6 чет өлкөлүк жаран шаардык соттун депортация кылуу чечимине нааразы болуп, облустук сотко кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 25-март күнү милиция кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк 6 жарандын (АКШнын 3, Нидерландынын 2, Улуу Британиянын 1) ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксаты жок болгондугу аныкталып, 2000 сомдон айып пул салынган. Бирок алар буга карабастан, өз ишмердүүлүктөрүн улантышкан. Мындан улам кайрадан материалдар топтолуп, иш Ош шаардык сотуна жөнөтүлгөн. Ал эми 20-апрель күнү шаардык сот 6 чет өлкөлүк жаранды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгаруу чечимин чыгарган. Учурда алар бул чечимге макул эмес экендиктерин билдиришип, Ош облустук сотуна кайрылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
kama_future_millioner
2015-05-08 15:13:57
Департ кылыш керек эгер мыйзамды бузсса
+3
mirana9395
2015-05-08 15:16:45
Нааразы болушса охо оздорунчо кыйынго.
+2
toshiba
2015-05-08 15:16:49
туура сразу жонотуш керек еле.кеткилери келбесе камап койсо оздору еле тез кетебиз деп калышат.
+3
mira28
2015-05-08 15:37:39
Карасан кыйын болушуп сотко бергенин биздин бечара кыргыздарды Россияда ооз ачырбай жонотуп жатат го
+2
albina2010
2015-05-08 15:53:07
мыйзамды буздубу департ кылыш керек ишин дагы уланта берсе камашкерек тегеле кыйынго булар обл сотко кайрылышып сотторго айтарым элден акча алсанарда булардан албагыла намыс керек а то буларда акча коп 5мин доллар менен бир соттун башына чабат сот жакшыле деп койберет кыргызбыз элди ойлойлу
+5
kadamjai90
2015-05-08 15:59:36
Департ кылыш керек сразы. Болбосо бир балеени баштайт булар
+1
Medina87
2015-05-08 16:08:21
Сот тарабынан депортациялоого ылайык деп табылса, демек депортация этуу керек!
+2
bom.bon
2015-05-08 16:52:24
Ооба туйунун туйдуруп кетириш керек башкаларга улгу болсун!болбосо болоберет экен кыргызга деп оз билгендерин кылат!
+2
Lapushka15
2015-05-08 18:35:33
Башка жакта кыргыздарды депортация кылдыбы.Айткан моонотундо кандай иш болбосун чыгып кетебиз.Силер да ошенткиле.Талаптты каттуу койгула да жолуна салгыла.
0
KGstan81
2015-05-08 20:03:04
Эгерде депортацияга конбосо бир эки жылга камашсын ошондо оздору эле коендун суротун корсотуп Кыргызстандан аргасыздан чыгып кетишет
0
hairullo
2015-05-08 23:34:15
Супер инфо. Эмне жумуш кылышканын да жазып койсонуздар. сураныч.
0
kadamjai1977
2015-05-09 15:45:49
Эч нерсе бербей койгонго чагымда.
0
subfield
2015-05-10 10:06:29
Оштогу кызматкерлер депортация кылганды Орусиядан атайын үйрөнүп келишиптир
0
tursunbaev2004
2015-05-10 13:56:16
Эми обл.сот кичине тыйынын,алып шаардык соттун чечимин жокко чыгарып койбосо болду
0
Adilet2014
2015-05-13 15:26:41
биздин мигранттар эмне болуп жатат ошондой кылыш керек эле да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан