Баткенде мамлекеттик чек араны бузган Өзбекстандын 7 жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-май күнү Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн 7 адам кармалган. Алар Өзбекстандын Фергана жана Наманган облустарынын тургундары болушкан. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.