Сокулук районунун тургуну зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал Барыбек аттуу чала тааныш адам күч колдонуп зордуктаганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 39 жаштагы жаран кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду.