Бүгүн, 8-майда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун көргөзмөсү ачылды. Экспозицияга скульптура, графика, живопись жанрларындагы 150гө жакын экспонат коюлган. Алардын жарымы жаңы муундун колунан жаралса, калганы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин алтын фондуна кирген искусство адамдары Семён Чуйков, Гапар Айтиев, Ольга Мануйлова, Александр Игнатьев, Иван Гальченко, Леонид Деймант, Виктор Тюрин, Виктор Шестопал, Фёдор Зубахин, Вячеслав Копотев, Асаналы Бейшенов, Алексей Каменский, Абдрай Осмонов жана Сапар Төрөбековдун эмгектери болуп саналат. Көргөзмө 24-майга чейин тартууланат.